Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:00

Түндүк Корея ракета сынагы үчүн акыркы камылгаларды көрө баштады


Түштүк Корея менен АКШнын ырасмий өкүлдөрүнүн айтымында, Пхеньяндын байланыш тармагындагы жасалма жандоочу ташыган ракетасы ишемби күнү эле учурулушу ыктымал. Буга чейин Түндүк Корея 4-8-апрель аралыгында космоско жердин жасалма жандоочусун учурарын жарыялаган. Бирок Токио менен Сеул ага ишенбей, Пхеньян алыс аралыкка атуучу баллистикалык ракетасын сынаган жатат деп тынчсызданууда. Вашингтондун ырасмий өкүлү билдиргендей, мындай аракет Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин 2006-жылкы чечимин бузгандык болорун эскертти. Жапония БУУнун Коопсуздук кеңешин тез арада чогулууга жана Пхеняндын кадамына каршы чараларды көрүүгө чакырды. Түндүк Корея бийлиги болсо ракетаны атып түшүрүү үчүн жасалчу ар кандай аракетке каршы тийешелүү жооп берерин эскертти.

XS
SM
MD
LG