Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:34

Парламент бүгүн ишмебиликте


Жогорку Кеңештин төрагасынын басма сөз катчысы Авланбек Жумабаевдин билдирүүсү боюнча, төрага Айтибай Тагаев баштаган депутаттар бүгүн Бишкектеги Эмен паркын тазалап, жаңы көчөт бактарды отургузушат. Ал эми парламенттин аппарат кызматкерлери Тоголок Молдо көчөсүндөгү сейил бакты ирээтке келтиришет. Парламент имаратынын айланасындагы аймакты болсо Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын кызматкери тазалап жатышат.Парламенттин жергиликтүү өнүгүү жана өзүн-өзү башкаруу маселелери боюнча комитети айлана-чөйрөнү сактоо үчүн март, апрель айларын тазалыкты сактоо мезгили деп жарыялоо чакырыгы менен чыккан.(BD)

XS
SM
MD
LG