Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:50

Жардамга өзгөчө муктаж балдар көйгөйлөрүнө арналган эл аралык жыйын өтөт


7-9-апрелде өтүүчү бул жыйынды Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги уюштурууда. Ага майып балдар менен иш алып барган бейөкмөт, эл аралык уюмдардан жана өкмөттөн 130 адам катышаары күтүлүүдө. Жыйындын негизги максаты – мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана алардын ата-энелерине көмөк көрсөтүү үчүн чогуу-чаран кам көрүү, тажрыйба алмашуу. Майып балдар ата-энелеринин ассоциациясы буга дейре президент Курманбек Бакиевге жардам сурап ачык кат менен кайрылышкан. Кыргызстанда 111 миң 400 киши майып болуп эсептелет. Бул жалпы калктын 2 пайызын түзөт. Алардын мамлекеттин майыптарга карата жүргүзгөн социалдык саясатына ичтери жылыбайт.(EK)

XS
SM
MD
LG