Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Аскерде кызмат өтөөгө быйыл үч миң улан тартылат


Бул маламатты Коргоо министрлиги таркатты. Ага ылайык альтернативдик кызматка он миңдей жана чакырылуучу мобилизациялык резервде жети миңдей атуул болмокчу. “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдеттери жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызмат жөнүндө” деген жаңы мыйзамга ылайык Кыргызстандын Коргоо министрлиги 1-апрелден тарта 12 миң сом акы төлөгөн уланды аскерде кызмат өтөөдөн бошотмой болду. Ага негиз берген мыйзамга президент февраль айында кол койгон. Коргоо министрлигинин маалымат кызматы: “Альтернативдик кызмат өтөөгө чакырылган жарандардан түшкөн акча-каражаты аскерлерди камсыз кылууга, машыгуу жыйындарын өткөрүүгө, окуу-материалдык базаларды жакшыртууга жана аскер кызматкерлерин социалдык жактан камсыздоону жакшыртууга жумшалат”,- деп билдирүүдө. Анткен менен министрлик киргизген мындай жаңылык аскердин кесипкөй деңгээлин көтөрүүгө эмес, министрликтин каржылык капчыгын толтурууга шарт түзөт деген пикирлер да жок эмес.(ES)

XS
SM
MD
LG