Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:02

Кыргызстандык кыз-келиндер Москвага таштаган ымыркайлар - алтымыш


Москва шаарындагы балдар үйлөрүндө кыргызстандык кыз-келиндер таштап кеткен алтымыштай бала бар экендиги аныкталды. Бул тууралуу Москвадагы “Ала-Тоо” коомдук уюмунун жетекчиси Жамиля Бегиева билдирди. Бегиеванын айтымында таштанды балдар дээрлик 24-25 жашка чейинки курактагы кыргызстандык эмгек мигранттарына таандык. Таштанды балдардын 35ин америкалык жарандар асырап алгандыгы маалымдалууда. Учурда "Ала-Тоо" уюму таштанды балдарды асыроо жолдорун караштырып жатат. Мындай сунуш менен кыргыз диаспорасына Москва өкмөтүнүн жаштардын үй-бүлө саясаты департаменти кайрылган. Кыргызстандык мигранттар ымыркайларды таштап кеткен фактылар Орусиянын башка аймактарында да жолугуп жаткандыгы кабарланууда. (BuS)

XS
SM
MD
LG