Бейрасмий маалыматтарга караганда бийликтеги оңчул-чордончул коалициянын талапкери Георгий Иванов оппозициялык социал-демократтардын талапкери Любомир Фрчковскиден алдыга озуп чыкты. Евробиримдиктин байкоочулар миссиясынын жетекчиси Эрван Фуэренин айтымында, добуш берүү жалпысынан тынч өткөнү менен айрым жерлерде шайлоочуларды коркутуп-үркүтүү болгон. Буга чейин Македонияда өткөн шайлоо жараяндары бир нече жолу зордук-зомбулук менен коштолгон.