Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:26

13-марттагы жол кырсыгы боюнча 18 экспертизанын үчөө бүттү


Бул тууралуу Башкы прокуратуранын тергөө бөлүмүнүн башчысы Учкун Каримов “Азаттыкка” билдирди. Анын маалымдашынча, мыйзам боюнча экспертизалык иштерди жүргүзүүгө бир ай убакыт берилет. Москвадан ДНК тесттин жыйынтыгы келгени менен, бул жактагылар бүтпөй жатат. Жол кырсыктан каза тапкандардын туугандары жана адвокаттары экспертиза толук бүтмөйүнчө, ДНК тесттин бүтүмүн жарыялабай турууну өтүнүшкөн, дейт У. Каримов. 13-мартта Аламүдүн капчыгайындагы жол кырсыкта каза болгондордун арасында президенттик администрациянын мурунку башчысы Медет Садыркуловдун болушу ыктымал, деп айтылып келет. (EBM)

XS
SM
MD
LG