Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:33

СДПК фракциясы И.Өмүркуловго ачылган кылмыш иш боюнча билдирүү таратты


Билдирүүдө Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясы президенттик шайлоо алдында күрөштү атайылап курчутууга багытталган саясатты кескин айыптап, мындай багыт шайлоонун эркин жана калыс болушуна жол бербейт деп эскертти. Бийлик мындай саясат менен шайлоонун тынч өтүшүнө шарт түзбөй, басым менен жеңишке жетүүнү көздөп жатат, Конституциянын кепили болгон президент демократиялуу шайлоону каалабай, жарандардын, анын ичинде биринчи кезекте оппозиция лилердеринин эркиндиктери менен укуктарын бузуп жатат деп, Иса Өмүркуловго кысым жасоого жол бербесин билдиришти. Андан тышкары бийлик коркутуу, кылмыш иштерин ачуу, оппозиция өкүлдөрүн камакка алуу, алардын жакындарын кылтакка илчү иштерди издөө менен өзүнө саясий мейкиндикти тазалап жатат жана Иса Өмүркуловго каршы кылмыш иши ушундай жасалма жол менен ачылды деп билдиришти. Ал эми Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Марат Кулжабаев билдирүү боюнча эч кандай түшүндүрмө бере албасын “Азаттыкка” билдирди. Буга чейин Каржы полициясынын өкүлдөрү Иса Өмүркулов мындан бир топ жыл илгери “Темир жол” башкармасын жетектеп турган кезде казакстандык жарандан пара алган жана мамлекеттик казынага каржылык зыян келтирген деген кине менен кылшым иши ачылгандыгын кабарлашкан.(BD)

XS
SM
MD
LG