Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:57

Быйыл Чүйдөгү 14 миң гектар аянтка кант кызылчасы айдалышы керек


Бул туурасында Чүй облусунун губернатору Болоткан Кумаров “Азаттыкка” берген маеги учурунда белгиледи. Быйыл “Кайыңды- Кант” жана “Кошой” ишканасы чийки затты башка өлкөлөрдөн эмес, жергиликтүү дыйкандардан кабыл алышат. Келишимге ылайык эми аймактагы 14 миң гектар аянтка кызылчанын үрөнү себилиш керек. Бирок быйыл чүйлүк дыйкандар талаага көбүн эсе буудайдын уругун себүүдө, себеби алар бир нече жыл өстүргөн кызылчасынан өтө чоң чыгымга учурашкан. Ага карабай облустук бийлик айыл өкмөт башчыларына күчөтүлгөн тапшырма берип, кант кызылчасынын аянтын жок дегенде 10 миң гектарга жеткирүү керек деп далбас урууда. Былтыр кант кызылчасы 830 гана гектарга себилген.(JJ)

XS
SM
MD
LG