Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:41

АКШ президенти Түркияда жүрөт


Барак Обама бул өлкөдөгү визитин Мустафа Кемал Ататүрктүн Анкарадагы мавзолейине барып, гүлчамбар коюудан баштады. Бүгүн ал Анкарада түрк премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт жана түрк парламентинде сөз сүйлөйт. Андан соң Обама Стамбул шаарына барып, Цивилизациялар альянсы деп аталган эл аралык форумга катышат.

Кечээ Чехиядан сүйлөгөн учурунда Обама Евробиримдикти Түркияны толук кандуу мүчөлүккө кабыл алууга чакырган эле.

АКШ президентинин бул сөздөрүндө Франция президенти менен Германия канцлери каршы пикирлерин билдиришти. Николья Саркозинин айтымында, Түркиянын Евробиримдике кошулуусуна ал азыр да каршы, ал эми Ангела Меркел Түркиянын Евробиримдикке ыктымал мүчөлүгү азырынча ачык маселе экенин белгиледи.

Америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, Барак Обама АКШнын НАТО боюнча өнөктөш Түркия менен алакасын бекемдөөнү көздөйт. Мамилелер мындан алты жыл мурун Анкара Вашингтондун Иракка басып кирүү үчүн Түркиянын аймагын пайдалануу жөнүндөгү өтүнүчүн четке каккан соң бузулган.

Тараптар Анкарадагы сүйлөшүүлөрдө Ооганстандагы кырдаалды, Түркиянын Армения менен алаканы нормалдаштыруу аракетин жана Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараяны өңдүү аймактык маселелерди да талкуулайт.

XS
SM
MD
LG