Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:41

Молдовадагы шайлоодо коммунисттер добуштардын элүү пайызын алды


Парламенттик шайлоонун баштапкы жана бюллетендердин 97%ы саналгандан кийинки жыйынтыктарына караганда, президент Владимир Ворониндин бийликтеги Коммунисттик партиясы добуштардын 50%ын жеңип алды. Муну менен коммунисттер парламенттеги 101 орундун 60ына ээ болот жана өлкөнүн жаңы президентин башка партиялардын колдоосу жок эле шайлоо үчүн бир гана кошумча мандат талап кылынат.

Мамлекет башчылыгына 2001-жылы келген Владимир Воронин президенттик кызматка үчүнчү мөөнөткө бара албагандыктан, жаңы парламент аны алмаштыруучу адамды шайлоосу керек.

Парламентке кирүү үчүн мыйзам талап кылган 6%дык чектен Молдованын оппозициячыл партияларынын үчөөсү өттү. Либералдык партия дээрлик 13%, Либерал демократтар 12%, "Биздин Молдова" партиясы дээрлик 10% добуш алды. Бул үч партия тең коммунисттер менен коалицияга барбай турганын билдиришти.

Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюму өз билдирүүсүндө шайлоо “эл аралык стандарттар менен милдеттемелердин көбүнө” жооп бергенин, бирок “ашыкча административдик кийлигишүүнү алдын алуу жана коомдук ишенимди жогорулатуу” үчүн али оңдоону талап кылган нерселер бар экенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG