Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясы ың-жыңсыз жоголгон Руслан Шаботоевго байланыштуу бүгүн билдирүү таратты. Анда алты айдан бери табылбай жаткан депутат тууралуу бир дагы алгылыктуу маалыматтын жоктугуна тынчсыздануу билдирилген. Тартип коргоо органдардын иши сынга алынган. СДПК фракциясы Р. Шаботоевди издөө чындап жүргүзүлүшүн талап кылып, бул иштерди токтотуп же басаңдатып коюуга жол бербесин айткан. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Бакыт Сеитов “Азаттыкка” жоголгон депутатты издөө уланып жатканын, бул боюнча маалымат жакында берилерин билдирди. 30-сентябрдан бери дайынсыз кеткен Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Шаботоев бүгүн 35 жашка чыкмак. (EBM)