Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:07

Садыркуловдун үй-бүлөсү Лондондон экспертиза жыйынтыгын күтүп жатат


Бул тууралуу 13-март окуясы боюнча түзүлгөн парламенттик комиссиянын мүчөсү Галина Куликова Медет Садыркуловдун жубайынын маалыматына таянып билдирди. Депутаттын айтымында окуя боюнча Лондон экспертизасына Садыркуловдун үй-бүлөсү өз алдынча жиберишкен. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда окуя боюнча жалпысынан 18 экспертизалык текшерүү жүрүп жатат жана алардын үчөөнүн гана тыянагы чыкты. Депутат Галина Куликованын расмий кайрылуусунун негизинде парламенттик комиссия иликтөөнүн кечеңдеп жатышынын себептерин ИИМден жана прокуратурадан сураганы жатат.
Парламенттик комиссия президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркулов арасында бар деп саналып жаткан 13-марттагы үч адамдын өлүмүн иликтөө максатында түзүлгөн. Окуяны иликтөөнү президент Курманбек Бакиев көзөмөлгө алгандыгы мурда кабарланган. (BuS)

XS
SM
MD
LG