Кечээ сомалилик каракчылар британ жана тайван кемелерине кол салышкан. Өткөн аптанын соңунда алар француз, йемен жана немис кемелерин басып алганы маалымдалган. Аден булуңу жана Инд океанында сомалилик каракчылардын кол салуусу мурдагы жылдарга салыштырмалуу кыйла азайды. Буга соода кемелерин аскерлер коштоп жүрө баштаганы себеп болду.