Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:17

Бейшембиде Э.Каптагаевдин соту уланат


Мындай маалымат Эмилбек Каптагаевдин жактоочусу Мукар Чолпонбаевден алынды. Анын айтымында, сот бул жолу да күбөлөрдү суроону улантат. Бирок буга чейинки сот жараяндарында 54 күбөнүн тогузу гана суралып, калгандары сотко келбей жаткандыктан сот улам кийинки мөөнөткө жылып келатат. Эмил Каптагаев мындан бир топ жыл илгери Ысык-Көл облусунун губернаторунун орун басары болуп турган кезде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген кине менен кылмыш жообуна тартылып жатат. Оппозиция аны Каптагаевдин саясий көз карашына байланыштуу саясий куугунтук деп баалап жатат.(BD)

XS
SM
MD
LG