Бүгүн Социал-демократтар фракциясы Кыргызстандагы пенсиялык саясат боюнча өз иликтөөсүн тааныштырды. Анда өлкөдөгү кары-картаңдар эң аз керектөөгө кеткен акчадан да аз пенсия алаары, мамлекет пенсионерлерге жетишээрлик көңүл бурбасы аныкталган. Аталган фракциянын төрагасы Бакыт Бешимов ошол эле учурда күч органдарын каржылоого бюджеттен көп каражат бөлүнөрүн белгилеп, Кыргызстан социалдык эмес, полициялык мамлекетке айланып баратканын айтты. Социал-демократтардын билдиришинче, Ички иштер министрлигине өткөн жылы 1,5 миллиарддай сом берилген. Президент баштаган сегиз адамдын коопсуздугун камсыз кылган Мамлекеттик күзөт кызматына 89 миллион сомдон ашык акча жумшалган. Бул сумма Кыргызстандагы үч чоң университетке бөлүнгөн акчадан алда канча көп. Кыргызстанда пенсинерлердин саны 530 миңге жакын. Алардын орточо пенсиясы бир миң сомдон ашык акчаны түзөт. (EBM)