Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:07

Журналист А. Саипов атылган тапанчаны мурдагы милиция кызматкери алып жүргөн


Мындай маалыматты "Азаттыкка" Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Дамира Юсупова билдирди. Анын айтымында, ушул жылдын 24-февралында Лейлек районунда 16 килограмм баңгизаты менен кармалган атуул 2002-жылга чейин Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери болгон. Маңзат менен кармалган атуулдун жанынан "Макаров" үлгүсүндөгү тапанча табылган. Аны Ички иштер министрлигинин эксперттик-криминалисттик борборунда текшергенде ошол тапанчадан журналист Алишер Саипов атылгандыгы аныкталгандыгы тууралуу баңгиликке каршы күрөш боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирген. Азыр кармалган мурдакы милиция кызматкери Оштогу Жаза өтөө башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында кармалып, тергөө иштери жүрүп жатат.(JsA)

XS
SM
MD
LG