Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:45

Жалал-Абат шаар бийлиги митингге уруксат берген жок


«Шабдалызар» базарынын сатуучулары шаардын «Кыргызстан» дүр-дүйнө дүкөнүнүн жанында 8-апрелде митинг өткөрүүнү болжоп, мэрияга кайрылган. Алар өз катында каржылык ар кайсы уюмдардан үй-бүлөнү багуу үчүн карыз алып иштеп жатканда башка базарга көчүп убара тартуунун кереги жоктугун белгилешкен. Сатуучулардын нааразылыгына шаар кеңешинин базарды жабуу тууралуу токтому себеп болгон. Шаар мэри Тилек Аканбаев митинге уруксат берилбеген себебин акция өтөөр жайдын темир жана автоунаа жолдоруна жакын жана жүргүнчүлөр менен автоунаа кыймылына тоскоолдук болоору менен түшүндүрдү. «Митинг жана демонстрация өткөрүүгө «Телтору» ат майданы тандалган. Шаар кеңештин токтомун облюстиция башкармасы туура эмес деп тапты. Ошондуктан сатуучулар эртең митингге чыгуудан баш тартышты», - деп билдирди шаар мэри Тилек Акамбаев. (YA)

XS
SM
MD
LG