Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:37

Түркиядан АКШга кайткан Обама капысынан Иракка барды


АКШ президенти Барак Обама түркиялык студенттердин суроолоруна жооп берип жатат
АКШ президенти Барак Обама түркиялык студенттердин суроолоруна жооп берип жатат

АКШ президенти Барак Обама Түркиядагы эки күндүк иш-сапарынын алкагында бүгүн Стамбулга келди. Экинчи күндүк иш-сапарынын башында ал Түркия премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган менен бирге Аясофия музейинде, андан соң Султанахмед мечитинде болду. Кийин Обама студенттер менен жолугушкан соң, түш оой АКШга кайтып баратып, капысынан Иракка барды.

Стамбулда Конрад (Conrad) мейманканасына жайгашкан АКШ президенти Барак Обама 7-апрель күнү эртең менен Түркиядагы ар кыл диний лидерлер менен жолугушту.

Кийинчерээк премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын коштоосунда Стамбулдагы атактуу Аясофия же София музейинде болду. Ал жактан жөө чыгышкан Обама менен Эрдоган анча алыс жайгашкан Султанахмед мечитине барышты. Андан соң АКШ президенти Түркиядагы 25 университеттен чогулган студенттер менен жолугуп, алардын суроолоруна жооп берди.

Күтүлгөндөй эле Обама жаштар менен жолугушууда өзүнүн мурдагы сүйлөгөн сөздөрүн улантып, АКШ мусулман дүйнөсү менен байланышын жаңы барактан баштоону кааларын дагы бир жолу ырастады.

Түркияда коомчулуктун басымдуу бөлүгү мусулман болгону менен өлкө жыйырманчы кылымдын башында Мустафа Кемаль Ата-Түрк түптөп кеткен секулярдык эрежелер менен жашап келет. Кийинчерээк премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган башында турган исламчыл «Адилеттик жана өнүгүү» партиясы бийликке келгени өлкөдө исламдык багыт кыйла күчтөнгөнү байкалып, бул негизде маал-маалы менен чоң талаш-тартыштар жүрдү. Бирок секулярдык мыйзамдардын коруучулары болгон аскер күчтөрү менен Ата-Түрктүн жолдоочулары өлкөнүн мыйзамдарын өзгөртүүгө жол беришкен жок. АК партия бийликке келгенден кийин бир канча жолу окуу жайларда жана мамлекеттик мекемелерде мусулман кийимин кийүүгө уруксат берүү маселеси көтөрүлүп, конституциялык сот андайга жол берген эмес эле.

Обама премьер-министр Эрдогандын коштоосунда Аясофия (София) музейинде



Барак Обама студенттер менен жолугушууда дагы бир жолу АКШ-Түркия алакасын өркүндөтүү ниети бар экенин, аймактагы бейпилдикти сактоодо Түркиянын да ролу чоңдугун, түрк эли Мустафа Кемаль Ата-Түрк салган секулярдык жана демократиялык жолдо баратканы чоң жетишкендик экенин баса белгилеп айтты.
Маалымат каражаттары жана талдоочулар Обаманын мусулман коомчулугуна арналган сөздөрүн, өзү теги жагынан да мусулмандар менен байланышы бар экенин айтканын баса белгилешүүдө.

Студенттердин суроолоруна жооп берип жатып ал өзөктүк куралдар жаатында буларга токтолду:

«Эгер биз ирандыктарга «өзөктүк курал жасоону токтоткула, анткени ал курал чөлкөмгө тарап кетип, Жакынкы Чыгышта жарыша куралдануу коркунучу пайда болот» дей турган болсок, анда ал бардыгыбыз үчүн туура эмес болот. Эгер биз аларга «биз дагы өзүбүздүн өзөктүк куралдарыбызды азайтабыз» дей турган болсок, талаптарды койгонго моралдык укуктарыбыз да чоң болот»,- деди Барак Обама.

Обама бүгүн Стамбулга келгени жолдордун бардыгы жабылып, унаа жолдорунда чоң тыгындар пайда болду.

Селчук университетинин экономика боюнча магистранты, учурда Стамбулда иш тажрыйбасын кылып жүргөн кыргызстандык Кыдык Мамбетов мындай дейт:

«Кыргыз балдар келмек эле кечээ үйгө. Анан Стамбулда «метробус» деген унаа бар, жолдун үстү менен жүргөн узун автобус сыяктуу унаа да. Ошол метробус кечээтен эле бош жүрүп атты. Обама келет деп жолдордун баарын жаап, аларды кошо жаап салышты. Жолдордо тыгындар абдан көп болуп, шаарда жүрүүгө абдан оор болду. Бирок коомчулукта пикир оң көрүнүп атат. Мисалы, «Гаранти банк» жарнактарында Обаманын сөлөкөтүн тартып, насыя берерин жарыялап атат. Гезиттеринде деле Обамага Бушка караганда ишеним көп экени айтылып атат»,- деди Кыдык Мамбетов.

XS
SM
MD
LG