15 киши дайынсыз жоголууда. 10 миңдеген адам үй-жайсыз калды. Кечээ эртең менен Аквила шаарында болгон зилзаланын күчү 6,2 баллга жеткени кабарланган. Куткаруучулар түнү бою урандылардын алдында тирүү калгандарды издеп жатышты. Премьер-министр Силвио Берлускони Абруццо аймагында чукул кырдаал жарыялап, Россияга сапарынан баш тартты.