Жолугушууга ислам, иудаизм жана христиан диндеринин өкүлдөрү катышты. Кечээ Обама АКШ Исламга каршы согушкан жок деп айткан эле. Ал ошондой эле Түркия жана Армениянын тышкы иштер министрлери менен кездешип, аларды өз ара мамилелерди нормалдаштыруу багытында аракеттерди улантууга үндөдү. Ушул эле күнү америкалык президент алгачкы Европа сапарын аяктап, мекенине учуп кетти.