Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:43

Жарандык коом жаңы парламенттик шайлоо дайындоого президентти чакырды


Бул тууралуу Кыргызстандагы саясий күчтөргө багыттап кечээ таратылган кайрылууда айтылат. Укук коргоочу уюмдар ишенимди жоготуу мамлекеттүүлүккө коркунуч келтирет деп, президенттик шайлоону атайылап тездетүүнү токтотуп, элдин шайлоого укугун кайтарууга президентти чакырган.
Кайрылууда ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарын мандатын өз каалоосу менен тапшырууга үндөп, буга 2007-жылкы парламенттик шайлоо жыйынтыгы эмгиче чыга электиги, байкоочуларга кысым жасалгандыгы, БШК төрайымы Клара Кабилованын Кыргызстандан качып кеткендиги өңдүү фактылар негиз болот деп айтылат. Кайрылууга “Кылым шамы”, “Жарандар Коррупцияга каршы”, “Интербилим”, “Демократия жана жарандык коом үчүн”, “Психикалык саламаттык жана коом” өңдүү бейөкмөт уюмдар кол коюшкан.
Ал эми БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бегмаматов парламенттик мөөнөтсүз кайра шайлоо өткөрүүгө негиз жок деп билдирди “Азаттыкка”. Анын айтымында БШКнын облустук комиссиялардын чечимдеринин негизинде чыгарган тыянагы жана саясий партиялардын арыздарынын негизинде чыккан сот чечимдери 2007-жылкы парламенттик шайлоонун мыйзамдуу өткөндүгүн далилдейт. (BuS)

XS
SM
MD
LG