Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:56

“Ата мекен” партиясы Социнтерн комитетинин жыйынына катышат


Партия төрагасы Өмүрбек Текебаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча жыйынга катышуу үчүн Болот Шерниязов менен Асия Сасыкбаева барат. Комитеттин жыйыны 16-17-апрелде Женева шаарында өтөт. Өмүрбек Текебаев ошондой эле мындан ары Социнтерндин жыйындарына катышып, “Ата мекен” партиясынын кызыкчылыгын коргоп туруучу өкүл Европа өлкөлөрүнөн иликтенип жаткандыгын да кошумчалады. “Биздин партияга мүчө болбосо да, Кыргызстандагы кырдаалды жакшы билген, саясатты түшүнгөн, англис тилин мыкты билген адамдар болсо, партия менен кызматташууга чакырабыз,” дейт Өмүрбек Текебаев. Анын айтуусунда Социнтерндин жыйындары бат-баттан өтүп турат, ар бир жолу Кыргызстандан өкүл жиберүү мүмкүн болбой калууда. (ZKo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG