Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:03

Каптаган кризистин канчага созулары белгисиз


И.Чудиновдун өкмөтү инвестиция өткөн жыл өлчөмүндө быйыл деле келишин болжолдоп отурат.
И.Чудиновдун өкмөтү инвестиция өткөн жыл өлчөмүндө быйыл деле келишин болжолдоп отурат.

Экономикалык кризис күчөгөн чакта сырттан келчү инвестиция агымы азаяры белгилүү. Бирок Кыргызстан өкмөтү инвестиция өткөн жыл өлчөмүндө быйыл деле келишин болжолдоп отурат.

Кыргызстандын экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаровдун маалымдашынча, өткөн жылы Кыргызстанга 663 миллион доллар акча сырттан инвестиция катары келген. Өкмөт быйыл деле ошого жакын акча келишине үмүт артууда. Өзбекстандын өзгөчө каршылыгын жараткан “Камбарата -1” ГЭсинин курулушуна Орусия ашык-кеми жок 1 миллиард 700 миллион доллар кредит бөлүү жөнүндөгү келишимге кол койгон.

- Биз кредит боюнча бардык маселени бүтүрдүк, чекитти койдук. 150 миллиону келди азыр, эми 300 миллиону келет. Анан дагы 1 миллиард 700 миллиону келет да, бул иштей баштайт,- деп айтты экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров.

Ири гидрокурулушка жумшалчу олчойгон каражат 4 жыл ичинде иштетилип, 8 жылдан кийин карыз акча ээсине үстөк пайызы менен кайтарыла башташы керек. Экономикалык кризис кыстап турган чакта ири курулуш башталып кетсе андан ириде Кыргызстан экономикасы утуш алары турулуу иш. Алдагыдай кыялдын ишке ашышы кысталыш учурга туш келип, буга кошумча коңшулардын ачык-тымызын каршылыгына кабылууда.

Айрым адистердин пикиринде, “Камбарата –1” долбооруна жумшалган акчаны кайтаруу шарты Кыргызстан үчүн кыйла оорго турчудай болуп турат. Экономикалык эксперт Азамат Дыйканбаевдин айтуусунда, жеңилдик берилген убакыт өткөн соң кайтарчу карыздын өлчөмү өтөле жогору.

- Жаңылбасам жеңилдик берилген убактагы кайтарчу акча жылына 70 миллион долларды түзөт. Белгилүү убакыттан кийин бул сумма 100 миллион доллардан ашат.

Экономикалык кризис шартында кыргыз өкмөтү курулуш тармагын жандантуу, бюджеттик акчалардын бир тобун реалдуу экономикага жумшоо милдетин койгон. Камбаратада курулчу ГЭСтер мына ушул максат-мүдөөнү аркалашы керек эле. Бирок да азырынча бюджеттен тармакты колдоого акча бөлүнө элек. Анын себеп-жөнүн “Инвестициялык тегерек үстөл” долбоорунун жетекчиси Равкат Хасанов мындайча түшүндүрөт.

- Бирок да бюджетте ушул максатка делинип кайсы бир каражаттар топтолушу керек болчу. Менин билишимде өкмөт мурда топтолгон каражаттарды сарптоо менен алек болуп келатат. Анын ичинде “Центерра” фонду, башка каражаттар бар. Ошондуктан курулушка, инфраструктураны жакшыртууга мамлекеттен жетиштүү акча бөлүнөт деп айтыш кыйын.

“Кумтөр” демекчи, 2005-жылдан бери жаңы бийлик алтын кен долбоору 2003-жылы өзгөрүлүп жатканда Кыргызстандын экономикалык кызыкчылыгы сакталбай калганын айтып, бирок да маселени оңунан чече албай келатат. 2007-жылдын августундагы А.Атамбаевдин өкмөтүнүн канадалык компания менен түзгөн келишим мурунку-кийинки парламенттен жактырылбай, И.Чудиновдун өкмөтү жаңы келишимдер үчүн бир нече ирет комиссия түзгөн.

- Мына былтыр жарым жылды жыйынтыктап жатканда К.Бакиев өкмөткө тапшырма берип мунун жакшылыгын кыргыз эли көрө башташы керек деген. Тилекке каршы, жыл дагы бүттү. Мына 1-квартал да бүттү. Менин бул боюнча маалыматым жок,- дейт Акылбек Жапаров.

Анын билдиришинче, 2007-жылкы келишим кабыл алынып калганда өткөн жылы эле Кыргызстан салык эсебинде “Кумтөр” алтын кенинен 2 тоннага жакын алтын алмак. Кыйын экономикалык шартта Кыргызстан бюджетине түшчү кирешелер ошентип кайсы бир таасирдүү күчтөрдүн тоскоолунан бюджетти кыйгап өтүүдө.

XS
SM
MD
LG