Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:17

Баткен: Чегарадагы тургундар тажик кошуналардын кысымына кабылууда


Тажик кошуналардын кысымчылыгынан Баткендин Таш-Тумшук айылында дагы 7 үйдү ээлери сатыкка койгондугу тууралуу жергиликтүү бийликке кайрылышты. Мындай маалыматты Баткен районунун Таш-Тумшук айылынын тургуну Халил Амираев 8-апрелде «Азаттыка» билдирди. Анын айтымында, чегара аймактарында социалдык маселелер оор болуп, жашоо үчүн шарттар төмөн болгондуктан кыргыз атуулдары кошуна Тажикстандын жарандарына турак-жайларын сатып, өлкөнүн башка аймактарына көчүп кетишүүдө. Кыргыз бийлиги үйлөрүңөрдү тажиктерге сатпагыла, эгер сатабыз десеңер мамлекеттин эсебине сатып алабыз дегенинен, кошуналардын кысымчылыгына кабылган 7 үй жергиликтүү бийликке кайрылдык. Бирок жооп боло элек дейт Халил Амираев. (JsA)

XS
SM
MD
LG