ТИМдин маалыматына караганда Пекин сапарынан кийин дароо Ашгабадга барган министр Кадырбек Сарбаев бүгүн Түркмөн парламентинин төрагасы, Тышкы иштер министри менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыктын укуктук негиздерин талкуулашат. Эртең Кыргызстандын Тышкы иштер министри КМШга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин Ашгабад жолугушуусуна катышат. (BuS)