Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:11

Италияда зилзалада мерт болгондордун саны 267ге жетти


Италиядагы зилзаладан набыт болгондордун саны өсүп, жаратылыш кырсыгы 267 адамдын өмүрүн алып кеткени кабарланууда. Италиянын премьер-министри Силвио Берлускони жердин силкинүүсүнөн жаракат алып, бирок аман калган жүз адамдын абалы оор экендигин айтты. Турак-жайсыз калган 17 миң адам чатырларда баш калкалоодо. 6-апрелде Италиянын борборундагы Абруццо районунда болгон зилзаланын күчү 6 даражадан ашкан.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG