Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Азиза Абдурасулова: Ноокат окуясынын катышуучуларынын туугандарына кысым көрсөтүлүүдө


Укук коргоочунун “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча Ноокат окуясына катышканы үчүн 19 жылга эркинен ажыратылган Исмаилжан Орозбаевдин туугандары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери тарабынан кысым көрсөтүлүп жаткандыгын билдиришкен. Азиза Абдурасулованын маалыматы боюнча кечээ Ноокат райондук УКМК кызматкерлери Максат Айтбай уулу, Азамат Умаров жана Саламат Сапаровдор келип, ок чыгарышкан. “Ызы-чууга чуркап келген коңшуларынын башынан өйдө ок чыгарып, аларды кууп чыгышкан. Алар окту И. Орозбаевдин таятасы коопсуздук кызматкери Саламат Сапаровдун койнунан кандайдыр бир баракчалар түшүп калганын көрүп калган учурда чыгарышыптыр. Мунун баарын мага алар өздөрү билдиришти,” дейт Азиза Абдурасулова.
Бул маалымат боюнча УКМКнын басма сөз катчысы Рысбек Быкын уулуна кайрылганыбызда азырынча мындай маалымат басма сөз кызматына белгилүү эместигин, сөзсүз териштирүү болорун билдирди.(ZKo)

XS
SM
MD
LG