Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:56

Чоң суммадагы акча алмаштыруу иштери көзөмөлгө алынат


Кыргызстандын банктары 1 млн сомдон ашык акча алмаштырылган учурда же сырттан 1 млн. сомдон ашуун акча которулуп келген учурда бул тууралуу каржылык чалгындоо кызматына билдириши керек. Бул коммерциялык банктар менен макулдашылып, аларга милдет катары жүктөлдү. Ал эми бул жараянды Улуттук Банк көзөмөлгө алат. Мындай маалыматты бүгүн каржылык чалгындоо кызматынын төрагасы Максатбек Садыров парламентте маалымдады. Анын айтуусунда бул кадам арам акчалардын адалданып кетүүсүнүн алдын алуу болуп эсептелет. Аягында “Терроризмди каржылоого жана арам акчаларды адалдоого каршы” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун депутаттар бир добуштан колдоп беришти.(ZKo)

XS
SM
MD
LG