Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:25

Майлысуу мектебиндеги окуя боюнча атайын комиссия түзүлдү


Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай Майлысуу шаарындагы мугалим менен окуучунун чатагын иликтөөчү комиссияны министрдин орун басары Үмүткан Тыналиева жетектейт.
Буга чейин Жалал-Абаттагы “Акыйкат” укук коргоо борбору Майлысуу шаарындагы №5 орто мектептин тарых мугалими Жазгүл Исмаилованын 9-класстын окуучусу Бегалы Дөөлөталиевге жасаган мамилеси боюнча билдирүү таратып, экөөнүн чатагын окуучулар чөнтөк телефонго тартып алган видеосун интернетке жарыялаган болчу. Укук коргоо борбору тараткан маалыматка караганда бул иш боюнча окуучулардын ата-энелери прокуратурага кайрылууну көздөөдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG