Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:57

Кочкор-Ата шаарында нааразылык акциялары башталат


Кароосуз карыялар 1-майдан 30-майга дейре күнүнө эки сааттан карылар үйүндө нааразылык иш-чарасын өткөрүшмөкчү. Алардын мындай чечимге баруусуна Ноокен райондук жана шаар бийликтеринин бул жайды тартып алууга жасаган аракеттери себеп болуп жатат. Бул тууралу бүгүн жатак үйдүн деректири Жусупжан Ажыбаев билдирди. Анын айтымында, район акими шаар бийлигине жатак үйдү Кочкор-Ата шаарынын карамагына алуу көрсөтмөсүн берген. Деректирдин сөзү боюнча аны карыларга калтыруу өтүнүчү менен президентке кайрылуу жиберилди. Бир канча жылдан бери жатак үйдө басалбаган үч адам жашайт. Шаардагы багар-көрөрү жок 36 карыя бир маал тамак ичип кетет, -деп билдирди деректир. Ноокен районунун акими Турдумамат Сагындыковдун жообу боюнча, шаар башчысына көрсөтмө эмес сунуш берилген жана бул жердеги мүмкүнчүлүгү чектелген 2-3 киши Сузактагы карылар үйүнө барууга тийиш.(YA)

XS
SM
MD
LG