Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

Президент “Маданият жөнүндө” мыйзамга кол койду


Бүгүн өлкө башчысы Курманбек Бакиев “Маданият жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мыйзам маданият жаатындагы ишти өнүктүрүүнүн укуктук, экономикалык, социалдык жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт. Ошондой эле анда чыгармачылык эркиндигин камсыз кылуу, маданият жаатындагы кесиптик жана ышкыбоздук ишти өнүктүрүү каралган. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.(EK)

XS
SM
MD
LG