Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:01

Ошто сырттан көчүп келген кыргыздардын жарымынан көбү жарандык ала элек


Ош облустук паспорт жана визалык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Абдиваит Кыдыровдун «Азаттыкка» билдирүүсүнө караганда, райондордо 1300дөн ашуун сырттан журт которгон кыргыз жашайт. Алардын басымдуу бөлүгү Өзбекстандан жана Тажикстандан көчүп келишкен. Бирок ошонун 632 си гана жарандыкты алганга үлгүрдү. Акыркы үч айда дагы 65 чактысынын документтери толтурулуп, Президенттин алдындагы комиссияга жөнөтүлгөн эле, бирок эмдигиче дайыны жок. Тажикстандан келген кыргыздардын өкүлү Салахидин Юлдашевдин баамында, көчмөн кандаштарына өкмөт тарабынан камкордук жок, ошон үчүн «Кайрылман» программасы аткарылбай калып кетти. (ATo)

XS
SM
MD
LG