Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:01

Түркияда “ал-Каида” менен алакасы бар деп шектелген 28 адам кармалды


Кабарларга караганда, Түркиянын антитеррордук полициясы аларды өлкөнүн батыш тарабындагы Эскишехир шаарынын ар кайсы райондорунда бир учурда жүргүзүлгөн операция учурунда камакка алган. Анадолу жаңылыктар агенттиги бул туралуу жергиликтүү бийликтерге шилтеме берип кабарлады. “Ал-Каиданын” Түркиядагы бөлүмү 2003-жылы Стамбул шаарында британиялык банк менен консулдукта, эки синагогада жасалган жардыруулар үчүн жоопкер болгон эле. Анда алтымыш үч киши каза таап, жүздөгөндөрү жаракат алган.

XS
SM
MD
LG