Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:10

Профессор Девлет: Тарыхка тиешелүү маселени саясатчылар чече алышпайт


АКШнын президенти Барак Обама Армения жана Түркия тышкы иштер министрлери менен, Стамбул, 6-апрель, 2009-жыл
АКШнын президенти Барак Обама Армения жана Түркия тышкы иштер министрлери менен, Стамбул, 6-апрель, 2009-жыл

Апта башында Түркияда болгон маалында АКШ президенти Барак Обама түрк жана армян тышкы иштер министрлери менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы мамилелерди жакшыртуу багытындагы аракеттерди улантууга үндөдү. Ереван Осмон империясы маалында орун алган армяндардын массалык өлтүрүлүшүн тукум курут катары таанылышын талап кылып келсе, Анкара ошол окуяларда эки тараптан тең жабыркагандар болгон деп ырастоодо.

Обама шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө Биринчи дүйнөлүк согуш маалында армяндардын түрктөр тарабынан өлтүрүлүшүн “геноцид” деп атап келгени менен Түркиядагы сапары учурунда ал сөздү колдонуудан баш тартты:

- Мен азыр менин көз карашыма эмес, түрк жана армян элдеринин пикирине көбүрөөк көңүл бураар элем. Алар татаал жана кайгылуу тарых боюнча бир мунасага келишсе, бүтүндөй дүйнө колдоосун көргөзүшү зарыл.

Армениянын мурдагы тышкы иштер министри, азыр оппозициядагы “Мурас” партиясынын мүчөсү Раффи Хованисян ырастагандай, Түркия четке кагып келгени менен, тукум курут саясатын далилдеген документтер АКШнын Улуттук архивинде, Британия, Франция, Германиянын архивдеринде сакталган. Хованисян түрктөр ал жерде жашаган армяндардын үй-мүлкүн, чиркөөлөрүн, мектептерин, китепкана жана башка жайларын тартып алышкан жана бул – цивилизацияны, маданиятты ойрон кылууга барабар дейт.

Стамбулдагы Соода университетинин профессору, мурдагы советтик жумурияттар боюнча адис Надыр Девлет болсо жек көрүүчүлүккө негизделген саясат эч кандай чечимге алып келбейт деген оюн ортого салат:

- Кээде Түркия Армения менен элдешүүгө даярбы?- деген соболду укса болот. Бирок биз Армения менен согушкан жокпуз. Армения Түркия менен элдешүүгө даярбы? - деп да сурашыбыз мүмкүн. Ооба, өткөн чакта белгилүү бир окуялар орун алган. Осмон империясы маалында Түркиянын айрым чөлкөмдөрүндө армяндардын козголоңунан кийин кээ бир армяндарды депортациялоо чечими кабыл алынган. Чындыкты кантип билсе болот? Бул тарыхка тиешелүү суроо жана аны дипломаттар же саясатчылар чече алышпайт.

Жогоруда айтылган окуялар боюнча талаш-тартыштар эки өлкөнүн алакаларына көлөккө түшүргөн негизги маселе. Хованисян Түркия Германиядан үлгү алып, мурдагы режим жасаган иштер үчүн жоопкерчиликти өзүнө алууга, кайгысын көргөзүүгө, кечирим суроонун жолдорун издөөгө тийиш деп эсептейт.

Профессор Девлет мындай ойго кошулбайт:

- Германия согушта утулуп калган жана жоопкерчиликти моюнга алууга аргасыз болгон. Бул жерде Түркияны Германия менен салыштыра албайсыңар. Түрктөр азыркы Түрк жумурияты Осмон империясы учурунда болгон окуялар үчүн жооп бербейт дешет. Анын үстүнө бир катар адамдар ошол кездеги натура иштери үчүн соттолгон.

Былтыр "футбол дипломатиясы" деген атка конгон кадамдардан кийин Анкара менен Еревандын мамилеси жакшырат деген үмүт пайда болгон. Сентябрда Ереванда эки өлкөнүн футбол боюнча улуттук командаларынын матчы болуп, Армениянын президенти Серж Саркисян түрк мамлекет башчысы Абдулла Гүлдү аны чогу көрүүгө чакырган. Анда президенттер эки тараптуу сүйлөшүү өткөрүшкөн. Киийнчирек эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Нью-Йоркто Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы маалында жолугушкан. Айрым маалыматтарга караганда, азыр Армения менен Түркиянын сүйлөшүүлөрү уланууда.

XS
SM
MD
LG