Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:42

Бүгүн экс-министр Исмаил Исаковдун соту болору күтүлүүдө


Бишкек горнизондук соту мурдагы Коргоо министри Исмаил Исаковго каршы козголгон кылмыш ишин териштире турган сот отурумдарын марттын башынан бери ар кандай себептер менен улам кийинкиге жылдырып келатат. 30-марттагы жана 6-апрелдеги акыркы эки отурум адвокаттар мамлекеттик айыптоочу менен судьяга ишеним көрсөтпөгөндүгү үчүн токтотулган.
Исмаил Исаковду башкы прокуратура Кылмыш Кодексинин 304, 316, 308 беренелеринин негизинде кызматынан кыянат пайдаланган, шалаакылык кылган, бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдаланган деген доо коюп жатат. Исаков менен кошо жогорку чендеги төрт кызматкер айыпталууда. Бул кылмыш ишин экс-министр саясий куугунтук деп эсептейт. (BuS)

XS
SM
MD
LG