Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:07

Р. Отунбаева: БЭК президенттикке татыктуу талапкерди көрсөтөт


Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынын депутаты Роза Отунбаева бул тууралуу “Азаттыкка” билдирди. Оппозициялык Бириккен элдик кыймылга (БЭК) бир топ партиялар, кыймылдар кошулууда, 15-апрелге чейин бул кыймылдын атынан бир талапкерди көрсөтүү үчүн баары таттал кырдаалда иштеп жатат, деди Р. Отунбаева. Ал азыркы бийлик тушунда таза шайлоо мүмкүн болбой калганын белгиледи. Р. Отунбаева БЭКтин талапкери өзү болуп калышы ыктымалбы, деген суроого жооп 15-апрелде айкын болоорун билдирди. Бийликчил “Ак жол” партиясы майда курултайга чогулуп, анда президент Курманбек Бакиевдин талапкерлигин көрсөтүлөөрүн буга чейин маалымдап келет. (EBM)

XS
SM
MD
LG