Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, “ДНК-технологии- Манас” жоопкерчилиги чектелген коому 13-марттагы жол кырсыгынан өрттөнгөндөрдүн сөөктөрүн кандык-генетикалык экспертизадан өткөрүп, 7-апрелдеги жыйынытыгында күйгөн сөөктөр президенттин администрациясынын мурдагы жетекчиси Медет Садыркулов, эл аралык изилдөө институтунун мурдагы директору Сергей Слепченко жана айдоочу Кубат Сулаймановдуку экендигин аныктаган. Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын башчысы Учкун Каримовдун айтымында, кандык-генетикалык экспертизасынын жыйынтыгынын негизинде башкы прокуратура токтом чыгарып, сөөктөр бүгүн же эртең жакындарына берилет. 30-мартта Москвада жүргүзүлгөн кандык-генетикалык экспертиза автокырсыкта күйүп кеткен сөөктөрдүн бири Медет Садыркуловго таандык деп аныктаган. (AJ)