Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:30

Укук коргоочулар президент менен жолугуу жолдорун издеп жатат


Укук коргоо уюмдардын демилгелүү тобу өлкө башчы Курманбек Бакиев менен жолугуп, Кыргызстандагы саясий абал, укук маселелерин талкуулоону максат кылып жатканын бүгүн билдирди. Бул максатка ылайык, президенттин катчылыгы жана Стратегиялык талдоо институтунун өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. “Кылым Шамы” бейөкмөт уюмдун жетекчиси Азиза Абдирасулова “Азаттыкка” катчылык сунуштап жаткан жолугушуунун форматы аларды канааттандырбаганын билдирди. Анткени катчылык президент менен кездешүүнү чоң жыйынга айлантып, Кыргызстандагы ар кыл бейөкмөт уюмдарды чакырууну көздөп жатат. Президент менен жолугушууда кайсы маселелерди көтөрсө болот, кайсылар тууралуу сөз козголбоштугу керектиги боюнча талаптарды койгон. Мындай талаптардан кийин укук коргоочулардын демилгелүү тобу жолугушуудан баш тартып, К. Бакиевге кездешүүнүн башка жолдорун издеп жатат, деди А. Абдирасулова. (EBM)

XS
SM
MD
LG