Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:41

Белгилүү композитор-аранжировщик Эрик Кадырбаев 39 жашында каза болду


Ал 1970-жылы Токтогул шаарчасында жарык дүйнөгө келген. Бүбүсайра Бейшеналиева атындагы Мамлекеттик искусство институтунда билим алып, көптөгөн кыргыз улуттук музыкаларын, ырларын эстрадалык үлгүдө иштеп чыгып, ондогон обондуу ырларды жараткан. Таланттуу композитор Түркия, Орусия, Казакстанда өткөн эл аралык фестивалдарга катышып байгелүү орундарга татыктуу болуп, кыргыздын бир катар ырчыларын Кыргызстандан сырткары тааныткан. Анын акыркы эмгеги Эл артисти, композитор Насыр Давлесовдун “Аста-секин колукту” опереттасын эстрадалык үлгүдө жаңыча нукта кайрадан иштеп чыкканы болду. Э.Кадырбаевдин сөөгү 11-апрелде Кара-Балтадагы Алексеевка айылында коюлат. (AJ)

XS
SM
MD
LG