Ирактын түштүгүндөгү Бабиль аймагында болгон бул террорчулук иш-чаранын айынан 30дан ашуун адамдар жаракат алып, тогузу набыт болгону айтылууда. Бул террордук иш-чара Аль-Каида менен күрөшүүгө катышып жаткан суннит бөлүктөрүнүн жергиликтүү штабынын жанында болгон. Набыт болгондордун жана жаракат алгандардын көбү – ушул бөлүктөрдүн мүчөлөрү. Араларында Ирак куралдуу күчтөрүнүн аскерлери да бар.