Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:57

М.Садыркуловдун тажиясы расмий деңгээлде өткөн жок


Президенттин администрациясынын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун үйүнүн жанында мусулмандык ырым-жырым жасалып, жаназасы окулуп, саат 12лерде сөөгү Байтик айылынын жанындагы көрүстөнгө коюлуп, куран окулду. Анын бейитине топурак салышканы бийлик тарабынан премьер-министр Игорь Чудинов, президенттик администрация башчысы Д.Үcөнов жана мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу, ЖК “Ак жол” фракциясынан депутаттар У.Ормонов, З.Курманов, А.Салымбеков, М.Кунакунов, унаа жана байланыш министри Н.Сулайманов, саламаттык сактоо министри М.Мамбетов, ички иштер министри М.Конгантиев, УТРКнын жетекчиси М.Эшимканов, Нарын губернатору Ө.Субаналиев, “Ар намыс” партиясынын лидери Ф.Кулов, Э.Алиев, “Ак шумкардын” лидери Темир Сариев, “Ата Мекенден” Ө.Текебаев, Б.Шерниязов, СДПдан И.Өмүркулов, Акыйктчы Турсунбек Акун, Эсеп палатасынын төрагасы И.Гайипкулов жана башка маркумдун жакын санаалаштары барышты.

М.Садыркуловдун сөөгүн көрүстөнгө узатууга Жогорку соттун төрайымы С.Сыдыкова, экс-вице-премьер Э.Ибраимова, вице-спикер Ч.Баекова, экс-министр И.Болжурова, депутаттар Р.Отунбаева, Г.Куликова, “Интер-билим” уюмунун жетекчиси А.Сасыкбаевалар катышты.
.
Маалыматтарга караганда М.Садыркуловдун бир туугандарынын жана жакындарынын өтүнүчү менен өкмөттүк комиссия түзүлбөй, аза күтүү расмий мамлекеттик деңгээлде өткөрүлбөй, белгилүү коомдук-мамлекеттик ишмерлердин сөөгү коюлуучу Ала-Арча көрүстөнүнө коюлбай, мусулманчылык ырым-жырымдары эле жасалып, М.Садыркуловдун сөөгү Байтик айлынын жанындагы көрүстөнгө коюлду.

7-апрелде “ДНК-технологии- Манас” жоопкерчилиги чектелген коому 13-мартта Кой-Таш айылынын жанындагы жол кырсыгынан өрттөнгөндөрдүн сөөктөрүн кандык-генетикалык экспертизадан өткөрүп, күйгөн сөөктөр президенттин администрациясынын мурдагы жетекчиси Медет Садыркулов, эл аралык изилдөө институтунун мурдагы директору Сергей Слепченко жана айдоочу Кубат Сулаймановдуку экендигин аныктаган. Буга чейин 30-мартта Москвада жүргүзүлгөн кандык-генетикалык экспертиза автокырсыкта күйүп кеткен сөөктөрдүн бири Медет Садыркуловго таандык деген жыйынтыгын чыгарган.

М. Садыркулов 1953-жылы 13-декабрда Кеминдеги Ильич айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университеттин тарых факультетин аяктаган соң, 1977 – 1991-жылдары Кыргыз мамлекеттик медицина институтунда сабак берген.

1991-жылдан мамлекеттик кызматка кирип, президенттин аппаратында иштеген.
1995-жылы Бишкектин Биринчи Май районунун акими, 1997 - 1999-жылдары каржы министринин орунбасары – мамлекеттик салык инспекциясынын директорунун милдетин аткарган. 1999-жылы кайрадан президенттик администрациянын жетекчисинин кызматына чакырылган. 1999 – 2000-жылдары Эсеп палатасын жетектеп, 2000 – 2005-жылдары өлкөнүн Ирандагы элчиси болуп иштеген.

2006-жылы Медет Садыркулов президентинин администрация башчысынын биринчи орунбасары болгон. 2007-жылы өкмөттүн аппаратын жетектеп, ошол жылдын апрель айынан тарта 2009-жылдын январына чейин өлкө башчынын администрациясынын жетекчисинин милдетин өтөгөн. (AJ)

XS
SM
MD
LG