Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:32

БЭКтин Улуттук кеңеши бүгүн жыйынга чогулат


Анда 20-апрелге белгиленген оппозициянын нааразылык иш-чарасына даярдык, президенттик шайлоого талапкер көрсөтүү боюнча маселелер каралышы күтүлүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” кыймылдын Улуттук кеңешинин мүчөсү Мукар Чолпонбаев маалымдады.
БЭК 27-мартта “Бакиевсиз шайлоо” деген аталышта жалпы өлкө боюнча нааразылык акциясын өткөрүп, 20-апрелге чейинки мөөнөт менен бийликке бир катар талаптарды койгон. Алардын арасында Курманбек Бакиевди президенттик шайлоого катыштырбоо, саясий куугунтуктарды токтотуу, Борбордук шайлоо комиссиясынын курамына жарым-жартылай оппозициянын мүчөлөрүн киргизүү, Улуттук биринчи канал, ЭЛТР коомдук телекомпаниясынын байкоочулар кеңешине оппозициядан кошуу, күч органдардын башчыларын алмаштырып, БЭК сунуштаган адамдарды дайындоо талаптары бар.(ZKo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG