Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:39

Евробиримдик Кыргызстандын аба каттамдарын кайрадан “кара тизмеге” киргизди


Бул тууралуу Евробиримдикке мүчө өлкөлөргө айрым мамлекеттердин учактарын киргизбөө, кондурбоо тууралуу уюмдун жаңыланган документинде айтылган. ЖК депутаты, “Эсен эйр” аба компаниясынын жетекчиси Бегалы Наргозуевдин “Азаттыкка” таңкы маектешүү учурунда билдиргени боюнча Евробиримдиктин “кара тизмесине” Кыргызстандын жалпы жарандык авиация департаменти, бардык аба компаниялары кирген. “Азыр эми биз Алматы, Ташкен, Москва жана Стамбул аркылуу учууга аргасыз болуп, акчабыздын баарын мына ушул мамлекеттерге берип атабыз. ЖК бул маселени чечүү талабы менен КР жарандык авиациясына кайрылган, бирок оңдуу жооп жок,” дейт депутат. Ушул тапта Кыргызстанда 20дан ашуун аба компаниялары катталган, анын ичинен экөө-үчөө гана жергиликтүү ишкерлерге таандык.(ZKo)

XS
SM
MD
LG