Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:33

Максим Кулешов БШКны Бишкек шаардык сотуна берди


“Тынчтык – маданият жарыгы” укук борборунун башчысы Кулешов бул арызында райондор аралык соттун чечимин жокко чыгарууну сурады. Райондор аралык сотко укук коргоочу 2007-жылы 6-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын ар бир район боюнча чыгарып, жарыялоону БШКга милдеттендирүү сунушу менен кайрылган. Райондор аралык сот арызды негизсиз деп тапкан.
Мындай арыз менен парламенттик шайлоодон кийин жоон топ укук коргоочулар кайрылышкан болчу. БШК өз кезегинде облустук шайлоо комиссияларынын токтомдору боюнча жарыяланган парламенттик шайлоо тыянактарын мыйзамдуу деп эсептеп келатат.(BuS)

XS
SM
MD
LG