Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:27

Э. Жукешов: Электр жабдыктарды уурдагандар кармалбайт


“Түндүкэлектро” ишканасынын техникалык деректиринин орун басары Эсен Жукешовдун “Азаттыкка” билдиришинче, акыркы учурда электр жабдууларын уурдоо көбөйүп кетти. Акыркы үч айдын ичинде эле бул боюнча тогуз факты каттталып, ишкана миллиондой сом чыгым тарткан. Көбүнчө трансформаторлордун майлары жана зымдар уурдалат. Бул боюнча милицияга арыз жолдонгону менен ушунча болуп бир да ууру кармалып жазага тартыла элек дейт, Э. Жукешов. Анын айтымында, былтыр гана 250 квт трансформатор уурдалып, аны алып кетип кеткендерди машинасынын номери аркылуу таап алышкан. (EBM)

XS
SM
MD
LG