Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:42

“Жашылдар” партиясынын лидерине каршы кылмыш иши козголушу мүмкүн


Бул тууралуу ИИМдин пресс-катчысы Бакыт Сейитов билдирди. Бүгүн “АКИпресс” агенттигинде уюштурулган маалымат жыйынында "Жашылдар” партиясынын мурдагы мүчөсү Учкунбек Сакилов “БМВ” үлгүсүндөгү автоунаамды" тартып алды деп партия лидери Эркин Бөлөкбаевге доо койду. Сакиловдун айтымында автоунаасын Бөлөкбаев Ысык-Көл облусунда партиянын ишин уюштуруу үчүн бөлүнгөн 100 миң сомдун ордуна алып алган. Сакилов 2007-жылы алган бул каражатты "партиянын ишине чыгымдагам жана аны далилдеп бергем " деп ишендирди. Пресс-катчы Сейитов Сакиловдун дооматы далилденсе кылмыш иши козголот деп билдирди.
Учкунбек Сакиловдун арызы менен Эркин Бөлөкбаевди ИИМдин кылмышты иликтөө башкармалыгы өткөн аптада тааныштырган. Саясатчы бул арызды бийликтин кезектеги кысымы деп эсептөөдө. Учурда Эркин Бөлөкбаевге байланышкан сот ишин Биринчи май райондук соту териштирип жатат. Буга президенттин беделине шек келтирди деп, жазага тартууну сураган башкы прокуратуранын арызы негиз берүүдө. (BuS)

XS
SM
MD
LG