Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:39

БЭКтин бирдиктүү талапкер көрсөтүү максаты бекемби?


Президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип төрт жаран БШКага арызын берди. Ал эми негизги күчтөр болгон бийлик менен оппозициялык Бирдиктүү Элдик Кыймыл өз талапкерин атоого шашпай турат.

Бириккен Элдик Кыймыл өзүнүн бирдиктүү талапкерин 15-апрелге карай айтууну болжолдогон. Ага чейин бийликчил “Ак жол” партиясы 11-апрелдеги курултайында өз талапкерин аташ керек эле. Бирок “Ак жолдун” курултайы май айына которулуп, ага жараша оппозициянын чечими да кечигүүдө.

“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариевдин “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, БЭКтин курамына кирген партиялар алгач өз курултайларында шайлоо, бирдиктүү талапкер көрсөтүү маселелерин талкуулап, өз позициясын иштеп чыккандан кийин БЭКтин алкагында маселе каралыш керек:

-Бириккен Элдик Кыймыл (бирдиктүү талапкер) аны сүйлөшүп атат. Биз аны чече элекпиз. Биринчи партиялар өздөрү чечиш керек. Анан кийин барып, партиялар чечими чыккандан кийин Бирдиктүү Кыймылдын алкагында сүйлөшүү болот. Анан улам жаңы жагдайлар пайда болуп калууда. Ошолордун негизинде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

“Ак шумкар” партиясы апрель айынын жыйырмаларынан кийин кезексиз курултайын чакырып, анда президенттик шайлоо маселесин талкуулоону белгилеп жатат.

Бирок “Ата Мекен” партиясы жакын арада курултай өткөрүүгө камданып жаткан жок. Бул маалыматты партиянын басма сөз катчысы Жоомарт Сапарбаев билдирди. Анын айтымында, партия лидери Өмүрбек Текебаев президенттикке талапкерлигин коюудан баш тарткандан кийин партиянын курултайын чакыруу зарылчылыгы болбой калып, ал жөнүндө азыр сөз жок.

Ал эми Социал-демократиялык партия оппозициядан бирдиктүү талапкерди көрсөтүү шыбагасы ага тийиш мүмкүндүгүн жашырбай келатат. Бул багыттагы суроого партиянын лидерлеринин бири Бактыбек Бешимовдун жообу мындай болду:

-Азыркы учурда СДПК партиясы күчүнө толуп аткан кези. Ошондуктан партия митингдерди даярдаганда, жолугушууларды өткөргөндө элге таасири өтө күчтүү экени аныкталды, далилденди. Ошондуктан жакынкы арада СДПК ошо Бириккен Элдик Кыймыл менен макулдашып туруп, өзүнүн чечимин жарыялайт.

“Туран” партиясынын лидери Тайырбек Сарпашев ал жетектеген партия президенттик шайлоого өз талапкери менен чыкпасын айтып, бирок саясий кеңештин жакында боло турган жыйынында кайсы талапкерди колдоо маселесин чечерин белгиледи. Ал эми оппозициянын бирдиктүү талапкер көрсөтүү мүмкүнчүлүгү тууралуу Тайырбек Сарпашев мындай оюн ортого салды:

- Оппозициянын убактысы бар. Мүмкүн башында үч-төрт талапкер болуп, анан кийин аягында марага жакындаганда бир талапкерге токтотулушу мүмкүн. Эгерде андай болбосо, анда толук кандуу күрөш деле болбойт.

Бул арада Борбордук шайлоо комиссиясына президенттик шайлоого талапкер катары катышууга арыз бергендердин саны өсө баштады. 13-апрелге карай канча киши арыз бергенин БШКнын мүчөсү Токтогул Султакеев маалымдады:

-Бүгүнкү күнгө, 13-апрелге карай төрт жаран өздөрүнүн арызын берди. Алар Өмүркулова Дамира, Нышанов Назарбек, Исаков Исмаил, Назаралиев Жеңишбек.

Токтогул Султакеевдин айтымында, аталган кишилердин бири да президенттикке талапкер статусуна ээ боло элек. Андай статуска ээ болуш үчүн шайлоо фондусун ачып, тил комиссиясынан өтүүгө жана 50 миң адамдын колун тапшырууга тийиш. Мына ошол документтер тапшырылгандан кийин алар БШК тарабынан он күндүн ичинде текшерилет. Каттоо болсо шайлоого 35 күн калганга чейин жүрөт.



  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG