Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Айыл чарба аянттарын кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануу стратегиясы бекитилди


Мындай жарлыкка кечээ президент Курманбек Бакиев кол койду. Бул жарлык кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин башкаруунун жана пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталат. Мындан тышкары жер участкаларын пайдалануу маселелерин тартипке келтирүү жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында бекитилди. Аталган стратегияны жүзөгө ашыруу боюнча чараларды көрүү жана бул үчүн бюджеттен тышкары эл аралык каржы жардамын тартууга көмөктөшүү кыргыз өкмөтүнө жана жергиликтүү башкаруу органдарына тапшырылды. Бул тууралуу президенттик басма сөз кызматы маалымдады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG