Анда аталган мыйзамдын 8-беренеси боюнча, б.а. теле жана радиоберүүлөрдүн жарымын мамлекеттик тилде, жарымын өздүк программаларга тиешелүү тилде чыгаруу маселеси күн тартибиндеги негизги маселе болот. Мындан тышкары электрондук маалымат каражаттарын жалпыга маалымдоочу каражат катары таануу, жыштыктарды берүү тартибин өзгөртүү маселеси да талкууга алынат. “Радиоуктуруу жана телекөрсөтүү” мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча демилге парламент депутаттарынан чыккан. Коомдук угуу бүгүн ЖК жыйындар залында болот. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришти.(ZKo)